Саясат
УКМК жетекчисинин үч орун басары дайындалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын үч орун басары дайындалды. Бул тууралуу президенттик администрация билдирди.
Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыктарга ылайык:
Рустам Мамасадыков — УКМК төрагасынын биринчи орун басары;
Уранбек Шадыбеков — УКМК төрагасынын орун басары, УКМКнын Киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча координациялык борборунун директору;
Алишер Эрбаев — УКМК төрагасынын орун басары, УКМКнын Антитеррордук борборунун директору болуп дайындалды.



