Коом

Караколдо ишкананын кароолчусун сабап, тоноп кеткен кылмышка шектүү жаран кармалды

6-июнь күнү Каракол шаардык ички иштер бөлүмүнө шаардын ишканалардын биринен кабар түшүп, анда түн ичинде белгисиз адам ишкананын аймагына кирип, кароолчуну сабап, пневматикалык мылтыгын тартып алгандыгын билдирилген.

Окуя болгон жерге барышкан шаардык милициянын тергөө-ыкчам тобу аталган ишкананын 62 жаштагы кароолчусун суракка алышкан. Анын көрсөтмөсүнө ылайык, 5-июндан 6-июнга караган түнү болжол менен саат 03.00дөн 04.00гө чейин аралыкта ал уктап жаткан бөлмөгө белгисиз адам кирген. Аны ойготуп, өзүн укук коргоо органдарынын өкүлү катары тааныштырып, бөлмөнү тинтүүгө алган.  Керебеттин матрасынын астынан пневматикалык мылтыгын таап, мылтыктын кундагы менен кароолчуну уруп-сабай баштаган. Белгисиз адам кароолчуну сабагандан кийин, анын пневматикалык мылтык жана окторун алып, окуя болгон жерден качып кеткен. Ал эми, ур-токмокко алынган карыя кароолчу милиция кызматкерлерине түнкү тоноочуну өзгөчө сүрөттөй алган жок.

Аталган факты Каракол ШИИБдин КБРге катталып, Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 206 (Тоноо) кылмыш иши козголгон.

Жакында Каракол ШИИБдин «Жыргалаң» шаардык милиция бөлүмчөсүнүн милиция кызматкерлери тарабынан оор кылмышка шектүү жаран аныкталып, колго түшүрүлдү., Ал мурда соттолуп, шарттуу түрдө жаза мөөнөтүн өтөп жаткан Каракол шаарынын 26 жаштагы тургуну И.З. болуп чыкты. Суракта шектүү жаран күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, андан далил зат катары пневматикалык мылтык алынды.

Каракол шаардык соттун чечими менен, шектүүгө тергөө жүрүшүндө 2 айга камака алуу баш коргоо чарасы кабыл алынды.

Кылмыш ишинин алкагында тергөө амалдары уланууда.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button