Коом

Ош шаарында 10 күндө эле жол эрежесин бузгандарга 1миң 975 протокол түзүлдү

1-апрелден 11-апрелге чейин Ош шаарында жол эрежелерин бузган жана башка нормаларды бузган айдоочуларга протоколдор түзүлдү.

10 күндүн ичинде кайгуул кызмат 1 миң 975 протокол түзгөн.

1 миң 975 протоколдун ичинен мас абалда унаа башкарган-3, алдыңкы айнектерин мыйзамсыз караңгылатып алган-11, документтери жок унаа бакшарган-29, айдоочулук курун такпаган -664 , жел белгилерине баш ийбеген-652 айдоочуга карата протоколдор түзүлгөн.

Жалпысынан 14 унаа айып короого токтотулган, — деп билдирди Ош ШИИБы боюнча МККБнын басма сөз кызматы.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button