Коом

Нургазы Анаркулов эки айга камакка алынды

УКМКнын экс-төрагасы Камчыбек Ташиевдин тарапташы делген журналист Нургазы Анаркулов эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан кабарлашты.

Анаркулов “Массалык башаламандык уюштуруу” беренеси боюнча айыпталууда. Эми ал 10-апрелге чейин №1 тергөө абагында болот.

Журналист 17-февралда Казакстандан Кыргызстанга кирип жаткан маалда ИИМдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан 75 адамдын кайрылуусу боюнча иштин алкагында кармалып, Бишкекке алып келинген.

Тектеш кабарлар

Back to top button