Коом
Эми кыргызстандыктар дарынын сапатын мобилдик тиркеме аркылуу текшере алат

Учурда тиркеме тестирлөөдөн өтүп жатат.
Тиркемеде жарандар QR-коддун жардамы менен дарынын өндүрүүчүсү, кайсы дарыканаларда, кампаларда бар же жок экендиги, баасы, колдонуу мөөнөтү сымал маалыматтарды алса болот.
“Эгерде дарынын аталышы тизмеден чыкпаса, анда бул дары көзөмөлдөө системасына кирбеген же өлкөгө мыйзамсыз алып келинген болот”, — деди Дары-дармек жана медициналык техника департаментинин директору Айнура Абалиева.



