Коом

Мектептер пластик чогултуп, сыйлыкка ээ болушат

Бүгүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев Бишкек шаарындагы мектептердин директорлору менен уюштурулган жыйынга катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.  

Жогорку Кеңештин чоң жыйындар залында өткөн жолугушууда 1-мартта баштала турган “Таза шаар” сынагы тууралуу маалымат берилип, бир айга созула турган өнөктүктү жеңген мектептерге чоң сыйлыктар каралганы айтылды.

Марлен Маматалиев долбоордун маанилүүлүгүнө токтолуп: “Соңку жылдары өлкө башчысы Садыр Жапаров тарабынан экологияны коргоо, климаттын өзгөрүүсүн жөнгө салуу жана жашыл экономиканы өнүктүрүү жаатында олуттуу демилгелер көтөрүлүп, көптөгөн иш-чаралар уюштурулууда. Бул “Таза шаар” сынагы да ошол демилгелердин уландысы катары борбор калаабыздын экологиясын жакшыртууга көмөкчү болот деген ишеничтемин”, – деди.

Муну менен катар “Таза шаар” сынагына катышып жаткан бардык мектептерге ийгиликтерди каалаган Марлен Маматалиев: “Бул сынак калаабыздын гана тазалыгына салым кошпостон, келечек ээлерин мекенчилдикке, тазалыкка тарбиялап, экологиялык маселелерге астейдил көңүл бурууга чакырат. Эмгек балдардын келечегине пайдубал болуп, коом алдындагы жоопкерчилигин жогорулатууга өбөлгө түзөт. Ошондуктан, мындай демилгелер башка аймактарда да уланып, өлкөбүздү жашыл, таза мамлекетке айлантышыбыз керек. “Сен таза болсоң, мен таза болсом, коом да таза болот” деп улуу көсөм, Исхак Раззаков атабыз айткандай, ар бирибиз экологияга кам көрүп, жалпы өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошолу”, – деди.

Алсак, пластикалык калдыктарды чогултуу боюнча сынак 2026-жылдын 1-мартынан 1-майына чейин өткөрүлөт. Эң көп көлөмдө пластикалык калдыктарды чогулткан мектеп сынактын жеңүүчүсү деп табылат.

Эскерте кетсек, аталган долбоор Жогорку Кеңештин, Бишкек шаарынын мэриясынын, Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин жана Кыргызстан Кызыл Жарым Ай Коомунун көмөгү менен ишке ашырылганы турат. Өз кезегинде Марлен Маматалиев да резервдик фондунан каржылык жардам көрсөтөрүн билдирди. 

Тектеш кабарлар

Back to top button