Коом

Өткөн жылда 136 миңден ашык бөбөк «балага сүйүнчү» төлөмүн алды

2025-жылы өлкөдө 136 миң 568 бала «балага сүйүнчү» төлөмүн алды. Маалыматты Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Билдирүүгө ылайык, алгандардын ичинен 36 бала — үч эм жана андан көп төрөлгөндөр.

Эске салсак, «балага сүйүнчү» бир жолку төлөмү ар бир төрөлгөн балага үй-бүлөнүн кирешесине карабастан берилет жана анын өлчөмү 4 миң сомду түзөт.

Үй-бүлөдө бир учурда үч же андан көп бала төрөлгөн учурда, ар бир балага 50 миң сом өлчөмүндө төлөм каралган.

Белгиленгендей, бул төлөмдү эсептөөдө райондук коэффициенттер колдонулбайт.

Тектеш кабарлар

Back to top button