Бишкеке электросамокат тебүүдө жол эрежесин бузгандарга чектөө киргизүү сунушталды

Жакында жаз келип, Бишкекте электросамокаттарды, велосипеддерди, скутерлерди кыска мөөнөткө ижарага берүү кызматтарын активдүү колдонуу сезону башталат.
Ушуга байланыштуу борбор калаанын мэриясында аппарат жетекчиси Илияс Колопов төрагалык кылган жыйын өттү. Жыйынга шаар аймагында электросамокаттарды кыска мөөнөткө ижарага берүү кызматын көрсөткөн кикшеринг компанияларынын өкүлдөрү катышты.
Жыйында операторлордун ишмердүүлүгүн колдонуудагы мыйзамдарга жана жол кыймылынын эрежелерине ылайык келтирүү, ошондой эле шаардык чөйрөдө электросамокаттарды пайдалануу тартибин камсыз кылуу маселелери талкууланды.
Кикшеринг компанияларынын өкүлдөрүнө сервисти пайдалануучуларды көзөмөлдөөнү күчөтүү, анын ичинде электросамокатты ижарага алуу учурунда жол кыймылынын эрежелерин бузган жарандарга санкцияларды колдонуу сунушталды. Мэриянын пикиринде, мындай жарандардын жеке мобилдүүлүк каражаттарын ижарага алуу мүмкүнчүлүгүн убактылуу же толук чектөө зарыл.
Бишкек мэриясы борбор калаанын тургундарын жана конокторун жеке мобилдүүлүк каражаттарын колдонууда коопсуздук эрежелерин так сактоого чакырат. Ошондой эле жол коопсуздугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылып, шаардык чөйрөдө өз ара урматтоо жана мыйзамдуулуктун маданиятын калыптандырууга салым кошууга үндөйт.



