Коом

Декабрда «Жыргалаң» тоо-лыжа курорту ишке берилет

Ысык-Көл облусундагы эң ири «Ала-Тоо Резорт» тоо-лыжа кластеринин биринчи фазасы быйыл декабрда ишке берилет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн «Ынтымак Ордодо» өткөн республикалык кеңешмеде айтты.

Өлкө башчысынын айтымында, бардык сезонду камтый турган бул долбоор жаңы туризм тармагын түзүп, миңдеген жумуш орундарын камсыздайт.

«Ошондой эле долбоор өлкөнү эл аралык туристтик жагымдуулуктун жаңы деңгээлине чыгарат. Буйруса ушул жылдын декабрь айында тоо-лыжа кластеринин биринчи фазасы — Жыргалаңды ишке беребиз. Мында лыжа трассасынын узундугу 120 чакырымды түзөт», — деди президент.

Тектеш кабарлар

Back to top button