Коом

Бишкекте сегиз автобус каттамынын кыймыл схемасы убактылуу өзгөртүлдү

Бишкек мэриясы маалымдагандай, борбор калаада Дэн Сяопин проспектисинин түштүк бөлүгү оңдоо иштерине байланыштуу жабылгандыктан, сегиз автобус каттамынын кыймыл схемасы убактылуу өзгөртүлдү.

Муниципалитеттин маалыматына ылайык, № 17, 32, 42, 145, 212, 215, 254 жана 14 каттамдар оңдоо иштери жүрүп жаткан мезгилде Профсоюзная көчөсү аркылуу каттайт.

Эске салсак, Дэн Сяопин проспектисинин Интергельпо көчөсүнөн Кайназарова көчөсүнө чейинки бөлүгүндө унаа кыймылы токтотулган. Иштер жолдун астынан өткөн суу түтүктөрүн алмаштыруу зарылдыгына байланыштуу мөөнөтүнөн мурда башталган.

Коммуникацияларды алмаштыруудан тышкары, подрядчы уюмдар эски жол жабуусун алуу, жол бөлүгүн кеңейтүү, жаңы бордюрларды орнотуу жана жаңы асфальт төшөө иштерин толугу менен жүргүзүшөт.

Мэриядан белгилешкендей, каттамдардагы убактылуу өзгөртүүлөр шаардагы коопсуздукту жана коомдук транспорттун үзгүлтүксүз иштешин камсыз кылуу максатында киргизилди.

Тектеш кабарлар

Back to top button