Даниэл Ажиев түрмөдөн тик учак менен чыкканы айтылууда

Социалдык тармактарда Даниэль Ажиев түрмөдөн чыккандан кийин тик учак менен Бишкек шаарына учуп кеткенин айткан видео тарады.
Автордун айтымында, видео 17-февралда Петровка айылындагы №8 түзөтүү мекемесинин жанында тартылган. Бул айыл Московский районунда жайгашкан.
Бүгүн бул видео боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы комментарий берди. Маалыматка ылайык, тик учак 22-январда ижарага алынган. ӨКМ алдындагы Авиация департаментине белгисиз жаран кайрылып, келишим түзүп, кассага болжол менен 270 миң сом төлөгөн. Маршрут катары Петровка айылынан Бишкек шаарына чейин учуу көрсөтүлгөн.
«Бизде курал-жарак, жарылуучу заттар, баңгизаттар, ошондой эле издөөдө жүргөн адамдарды ташууга тыюу салынган», — деп түшүндүрүштү мекеменин басма сөз кызматынан.
Ошол эле учурда ведомстводон белгилешкендей, Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчилиги тик учакка Даниэль Ажиев отурганы тууралуу билгенден кийин кызматтык иликтөө дайындалган. Анын жыйынтыгында ӨКМ алдындагы Авиация департаментине мындан ары тик учак ким үчүн жана кандай максатта ижарага алынып жатканын кылдат текшерүү боюнча көрсөтмө берилди.
Даниэл Ажиев мүлкүн конфискациялоо менен жалпы режимдеги колонияга 9 жылга кесилип, эки жылга ишкердик менен алектенүү укугунан ажыратылган. Ошондой эле 220 миң сомдук айыпка жыгылган.



