Коом
Кыргызстан Сербияга мөмө-жемиш экспорттой баштады

Сербия Кыргызстандан өрүк, алча, шабдалы жана кара өрүк импорттой баштады. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Ошол эле учурда ЕАЭБ өлкөлөрү Кыргызстандын продукциясынын негизги сатып алуучулары бойдон калууда.
Маалымат боюнча, өткөн жылы Кыргызстан 2,6 миң тонна мөмө-жемиш экспорттогон. Сатып алган өлкөлөр:
- Россия — 1 455 тонна;
- Казакстан — 800 тонна;
- Сербия — 171 тонна;
- Өзбекстан — 140 тонна;
- Тажикстан — 28 тонна.



