Саясат

Садыр Жапаров кыргызстандык банктардын чет өлкөлөрдө иштөөсүнө шарт түзүүнү тапшырды

Президент Садыр Жапаров кыргыз банктарынын чет мамлекеттердеги ишмердүүлүгүнө укуктук шарттарды түзүү боюнча чаралар тууралуу жарлыкка кол койду.

Документ өлкөнүн банк секторун өнүктүрүүгө жана анын эл аралык каржы рынокторундагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы үч айдын ичинде кыргыз банктарынын чет өлкөлөрдөгү ишмердүүлүгүн жөнгө салган нормативдик-укуктук актыларды өркүндөтүшү керек. Ошол эле учурда регулятор банк системасынын каржылык туруктуулугун камсыздоо, аманатчылардын каражаттарын коргоо жана тийиштүү банктык көзөмөлдү сактоо талаптарын эске алууга тийиш.

Мындан тышкары, Улуттук банк чет өлкөлөрдө иш алып барган банктар үчүн жыл сайын капиталдаштыруу талаптарын белгилеши зарыл. Бул алардын коопсуз жана туруктуу иштешин камсыздоого багытталган.

Ошондой эле Улуттук банк мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды даярдап, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетине киргизиши керек.

Жарлыкта чет өлкөлөрдө филиал ачкан банктарга да сунуштар берилген. Алар Кыргызстандын мыйзамдарын, терроризмди каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы нормаларды, ошондой эле кабыл алуучу өлкөлөрдүн мыйзамдарын жана санкциялык чектөөлөрдү так сактоого тийиш.

Банктар чет өлкөдөгү филиалдарынын ишмердүүлүгү тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берилген маалыматтын толуктугуна жана тактыгына жооп берет.

Документ 10 күндөн кийин күчүнө кирет.

Тектеш кабарлар

Back to top button