Коом

Аскер прокуратурасы Урмат Шамыркановго карата кылмыш ишин козгоду

Аскер прокуратурасы ӨКМдин мурдагы жетекчиси Урматбек Шамыркановдун пара талап кылгандыгы боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкеринин арызынын негизинде кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу аталган көзөмөл органынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, эми арызда көрсөтүлгөн дооматтар текшерилет. Анын жыйынтыгына жараша укуктук баа берилет.

Кошумчалай кетсек, бүгүн президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен өзгөчө кырдаалдар министри Урматбек Шамырканов кызматынан бошотулду. Ал министр болуп 19-февралда дайындалган.

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзовдун айтымында, Шамырканов пара алууга шектелип жатат.

Тектеш кабарлар

Back to top button