Фитосанитардык көзөмөл кызматы картошка өстүргөн фермерлерге продукцияны өз убагында сатууну сунуштайт

Бишкек жана Ош шаарларындагы ички рынокто картошканы сатуу боюнча абал текшерилди
Буга чейин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин башчысы Эрлист Акунбеков мыйзамсыз соода жүргүзгөн, тактап айтканда Кытайдан импорттолгон картошканы жергиликтүү продукция катары саткан адилетсиз ортомчуларга каршы рейд өткөрүүнү тапшырган.
Адистер Кытайдан алып келинген картошка өлкө рыногунда бар экенин аныкташты. Бирок аны жергиликтүү, башкача айтканда кыргыз картошкасы катары сатуу фактылары аныкталган жок. Адистердин айтымында, коңшу мамлекеттен картошка импортун чектөөгө негиз жок. Бул Дүйнөлүк соода уюмунун алкагындагы милдеттенмелерге байланыштуу, ага ылайык катышуучу өлкөлөрдүн ортосунда өз ара соода жүргүзүлөт, ошондой эле ата мекендик продукция да Кытайга экспорттолот.
Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы картошка өстүргөн фермерлерге продукцияны өз убагында сатуу боюнча сунуш берди.
Белгиленгендей, айрым айыл чарба өндүрүүчүлөр баанын өсүшүн күтүп, картошканы кампаларда кармап турушат. Сатуучулардын маалыматына ылайык, учурда Кытайдан импорттолгон картошканын орточо чекене баасы 38–40 сомду түзөт, ал эми жергиликтүү картошка 42–44 сомдон сатылууда. Ошол эле учурда ата мекендик картошканын дүң баасы 35–40 сомдун тегерегинде.
Адистердин айтымында, жакынкы убакта рынокко Араван районунда өстүрүлгөн эрте картошка түшө баштайт. Бул жагдай баанын өсүшүн кармап турат. Ушуга байланыштуу продукцияны узак убакыт сактоо анын бузулушуна жана фермерлер үчүн финансылык жоготууларга алып келиши мүмкүн.
Кызмат өкүлдөрү ошондой эле продукциянын бузулушуна байланыштуу мүмкүн болгон чыгымдар үчүн жоопкерчилик өндүрүүчүлөрдүн өзүнө жүктөлөрүн белгилеп, рыноктук кырдаалды туура баалоого чакырышты.



