Коом
Дастан Бекешев Бөлтүрүктүн айлыгын жана “Улуу көчмөндөр мурасы” холдингин сынга алды

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев «Кумтор Голд Компани» компаниясынын мурдагы жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк алган айлык маянаны жана «Улуу көчмөндөр мурасы» холдингинин түзүлүшүн катуу сынга алды.
Анын айтымында, айына 55 миң доллар айлык Бөлтүрүк үчүн кадимки көрүнүш болушу мүмкүн, бирок Кыргызстан үчүн бул өтө жогору сумма болуп эсептелет.
«Менимче, мындай айлыкты башка ири компаниялардын же алдыңкы банктардын жетекчилери албайт», — деди депутат.
Ошондой эле ал «Улуу көчмөндөр мурасы» холдингинин түзүлүшүн сынга алып, бул структура жоопкерчиликсиз түрдө каражаттар чыгып кеткен “тешикке” айланганын белгиледи.
«Жалпысынан алганда, өлкөгө мындай түзүмдүн кереги жок», — деп жыйынтыктады ал.



