ELQR аркылуу төлөм жүргүзүүдө жаралган кыйынчылыктардын себеби айтылды

Бүгүн, 19-мартта банктык тиркемелердин колдонуучулары ELQR аркылуу төлөмдөрдүн туура эмес иштеп жатканына массалык түрдө даттанууда.
Жарандардын айтымында, төлөм жүргүзүүдө кечигүүлөр пайда болууда, QR-коддор сканерленгенден кийин көрүнбөй калууда, айрым учурларда тиркемелер таптакыр ачылбай жатат.
Банктар аралык процессинг борбору маалымдагандай, ELQR аркылуу айрым транзакцияларды жүргүзүүдө убактылуу кыйынчылыктар чындап эле катталып жатат.
Компаниянын маалыматына ылайык, маселе ELQR системасынын өзүндө эмес, тармактагы катышуучулардын биринин тарабында келип чыккан.
«Кыйынчылыктар ELQR өз ара аракеттенүү операторунун тармагындагы өнөктөштөрдүн биринин тарабында жаралган. Учурда ал өнөктөш себептерди жоюу боюнча иштерди жүргүзүүдө», — деп айтылат билдирүүдө.
Белгиленгендей, мындай техникалык мүчүлүштүк 18-март күнү да катталган. Анда да көйгөйлөр тармактагы айрым катышуучулардын техникалык өзгөчөлүктөрү менен байланыштуу экени айтылган.



