Коом
Министр Улан Ниязбеков айып пул төлөдү

ИИМ башчысы Улан Ниязбеков коомдук жайда чылым чеккени үчүн айып пул төлөдү. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.
Министрдин — милициянын генерал-полковнигинин имараттын алдында туруп тамеки тартып жаткан видеосу интернет айдыңына тараган. Андан улам Ниязбеков 3000 сомдук айыпка жыгылды.
Ички иштер министрлигинен мыйзам бардык жарандар үчүн бирдей экенин айтышты.




