Коом

Кыргызстанда акыркы жумада 13 адамдан коронавирус аныкталды

Кыргызстанда бир жумада, 28-ноябрдан 4-декабрга чейин COVID-19дун 13 жаңы учуру катталды. Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

Алардын ичинен 2 бейтап — ооруканага жаткырылган, ал эми 11и — амбулатордук дарыланууда.

27-ноябрдан 4-декабрга чейин тобокелдикти баалоо матрицасына ылайык, бардык аймактар ​​жашыл зонада турат.

Акыркы жумадагы эффективдүү репродуктивдүү сан 1ден аз, бул өлкөдө COVID-19 боюнча туруктуу эпидемиологиялык абалды көрсөтүп турат.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button