Коом
Бишкектеги балдар ойноочу жайдан 3 жашар кызды уурдап кетишкен

Окуя кечээ, 9-ноябрда, “Аламүдүн гранд” соода борборунда болуп, милицияга бөбөктүн энеси кайрылган.
Тартип сакчыларынын ыкчам аракети менен бөбөктү Казакстандын чек арасына жакын жердеги Васильевка айылынан табышкан.
Кылмышка шектелип 25 жаштагы Р.М. аттуу аял жана 13 жаштагы Т.А. кармалып, тергөөгө алып келинди. Окуянын чоо-жайы такталууда.



