Лебединовка — ГЭС-5 жолун оңдоо август айында бүтөт

Учурда Бишкектен Түндүк айланма жолуна чыгуучу Лебединовка – ГЭС-5 унаа жолун реконструкциялоо иштери активдүү уланууда. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, узундугу 5,1 чакырым болгон тилкеде жол боюндагы тротуарларды куруу, тосмолорду жана лотокторду орнотуу, ошондой эле БЧК аркылуу өткөн жол бөлүгүн оңдоо иштери жүргүзүлүүдө.
Мындан тышкары, Жибек Жолу көчөсүнөн БЧКга чейинки 400 метр аралыкта жол жабуусунун негизги катмарын төшөө иштери жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, реконструкциянын алкагында жолдун категориясы өзгөртүлүп, эки тилкеден төрт тилкеге чейин кеңейтилет.
Ошондой эле долбоорго ылайык, учурдагы көпүрө кеңейтилет жана жанынан жөө адамдар үчүн жаңы көпүрө курулуп, аны май айында толугу менен пайдаланууга берүү пландалууда.



