Окуялар
Өлкөдө 4,5 баллдык жер титирөө катталды

Кыргызстанда болжол менен 4,5 баллдык жер титирөө катталды. Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.
Маалыматка ылайык, жер титирөө бүгүн саат 5:28де катталган.
Очогу Өзгөн шаарынан 3 чакырым алыстыкта, Куршаб айылынан 5 чакырым, Кара-Суу шаарынан 30 чакырым жана Ош шаарынан 45 чакырым алыстыкта жайгашкан.
Калктуу конуштардагы жер титирөөнүн күчү төмөнкүдөй болду:
Өзгөн шаарында, Мырза-Арык жана Кароол айылдарында – болжол менен 4,5 балл;
Куршаб, Мырза-Аке, Красный Маяк жана башка айылдарда – 4 балл;
Кара-Суу шаарында, Отуз-Адыр, Курбу-Таш, Ничке-Сай, Салам-Алик айылдарында – 3,5 балл;
Ош шаарында, Манас жана Көк-Жаңгакта – 3 балл.



