Кымбатчылык салыктан эмес, дүйнө жүзүндө орун алууда
Карапайым калк кымбатчылыкты сезбесин деп айлыкты, пенсия, пособиени көтөрүп жатат. Эгерде бардык сатуучулардан ККМди катуу талап кылсак, анда айлык, пенсия, пособие дагы жакшы көтөрүлөт. Гуглга салык салынды деген эмне? Ал бул. Яндекс такси россияныкы, офиси ошол жакта, 10 жылдан бери яндекс такси аркылуу заказ берип, таксиге түшүп жүрдүк. 2022-жылдан баштап, ошол жакта жаткан компания бизге салык төлөй баштады. Ушундай эле глобо, ошондой эле гугл аркылуу заказдар аркылуу биз толгон-токой тааныбаган, алар Кыргызстанды көрбөгөн компанияларга пайда түшүрүп келгенбиз. Мына эми биздин элдин акчасынан пайда көрүп жүргөн гугл компаниялары сопсонун эле салыктарды көтөрө баштады. Бажыдан өткөн камаздын баарында сопровождение менен крышалар коштоп жүрчү эле, анын баары бир топ жоголду.



