Коом

9-апрелде Бишкектин борбордук бөлүгүндө суу өчүрүлөт

Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ага ылайык, саат 09:00дөн 20:00гө чейин турак жай, мектеп, бала бакча, саламаттыкты сактоо мекемелеринде жана башка социалдык-өнөр жай объектилеринде ичүүчү суу берүү токтотулат.

Өчүрүү аймагы Чүй проспектиси – Фрунзе көчөсү – Манас проспектиси – Жибек-Жолу проспектиси аркылуу Ала-Арча суусуна чейин – Турусбеков көчөсү – Баялинов көчөсү – Абдрахманов көчөсүн камтыйт.

Суу «Белинский» суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу токтотулат.

«Бишкексууканал» ишканасы тургундарды ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну суранат.

Тектеш кабарлар

Back to top button