Коом

ӨКМ: Кыргызстанда сел жүрүп, дарыяларда суунун көтөрүлүшү күтүлөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 8-апрелден 10-апрелге чейин өлкө аймагында бороон-чапкын тууралуу эскертүү жарыяланганын билдирди.

Мекеменин маалыматына ылайык, аба ырайынын туруксуздугунан жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачындардан улам республиканын тоо этектеринде жана тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн.

Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээлинин көтөрүлүшү күтүлүүдө.
Жарандарга коопсуздук чараларын сактоо, дарыя жээктерине жана кооптуу аймактарга барбоо сунушталат.

Тектеш кабарлар

Back to top button