Таласта элиталык сорттогу сырлар чыгарыла баштайт

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду маалымдагандай, Талас облусунун аймагында элиталык сырлар чыгарыла баштайт.
Маалыматка ылайык, фонд жана Талас облусундагы сүт азыктарын өндүргөн алдыңкы ишканалардын бири болгон «Эмилия» ЖЧК өндүрүштүк кубаттуулуктарды кеңейтүү долбоорун каржылоо боюнча келишимге кол коюшту. Жалпы инвестиция көлөмү 1,2 миллион долларды түзөт.
Талас облусунда алгачкы жолу крем-чиз, фета жана маскарпоне сыяктуу элиталык жумшак сырларды өнөр жай деңгээлинде өндүрүү жолго коюлат.
Буга чейин мындай продукциялар чет өлкөлөрдөн алып келинчү. Бул долбоорду ишке киргизүү импортко көз карандылыкты азайтып, азык-түлүк коопсуздугун бекемдеп, ата мекендик өндүрүүчүлөрдү колдоого багытталган Садыр Жапаров тарабынан берилген тапшырмалардын алкагында жүзөгө ашырылууда.
Долбоордун негизги маңызы — 500 чарчы метр аянтты камтыган жаңы өндүрүштүк жана муздаткыч кампаларды куруу, ошондой эле Европада чыгарылган заманбап жабдууларды сатып алуу болуп саналат. Бул ишканага суткасына 90 тоннага чейин сүт иштетүүгө жана жылына 700 тоннага чейин жаңы продукция чыгарууга мүмкүнчүлүк берет.
Долбоор аймак үчүн чоң пайда алып келет: сүт жеткирген үй чарбаларынын саны 2 миңден 3 миңге чейин өсүп, айыл тургундары туруктуу киреше булагына ээ болушат. Ишканада кошумча 20 жаңы жумуш орду түзүлөт. Заманбап жабдуулар продукциянын сактоо мөөнөтүн узартып, HACCP стандарттарына шайкеш келүүсүн
камсыздайт.



