Окуялар

УКМК мурдагы төрага орун басары Даниель Рысалиев кармалганы айтылууда

Бишкекте Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) мурдагы төрага орун басары Даниель Рысалиев кармалганы маалым болду. Бул тууралуу күч түзүмдөрүндөгү булактар тастыктады, учурда кошумча маалыматтар такталууда.

Алдын ала билдирүүгө караганда, кечээ Даниель Рысалиев кылмыш ишин иликтөөнүн алкагында сурак берүү үчүн ИИМдин тергөө башкармалыгына жеткирилген. Азырынча расмий органдар кайсы берене боюнча иш козголгонун жана анын кандай макамда өтүп жатканын билдире элек.

Даниель Рысалиев 2025-жылдын декабрь айынан тартып УКМК төрагасынын орун басары кызматын аркалап, киберкоопсуздук маселелерин көзөмөлдөгөн. Ага чейин атайын кызматтар системасында иштеп, анын ичинде аймактардагы бөлүмдөрдү жетектеген.

2026-жылдын февраль айынын башында УКМКдагы кадрдык өзгөрүүлөрдүн алкагында кызматтан бошотулган.

Тектеш кабарлар

Back to top button