Окуялар

Ошто өзүн башка атып алган жоокер каза болду

Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусундагы бөлүмдөрүнүн биринде өзүн башка атып алган аскер кызматкери ооруканада көз жумду. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, ал кырсык катталары менен Алай районунун Гүлчө шаарындагы ооруканага жеткирилген. Бирок ага көрсөтүлгөн ыкчам медициналык жардам жана куткаруу аракеттерине карабастан, анын өмүрүн сактап калуу мүмкүн болгон жок. Бул факты боюнча чек ара кызматы кызматтык иликтөө иштерин улантууда.

Белгилей кетсек, келишимдик негизде кызмат өтөгөн 2004-жылы туулган И. уулу А. 8-апрелде АК-74 автоматынан ок чыгарып, өмүрүнө кол салууга аракет кылганы маалымдалган.

Тектеш кабарлар

Back to top button