Садыр Жапаров: Жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүктү бардык өлкөлөр тааныйт

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын жаңы үлгүдөгү айдоочулук күбөлүгүн Европа өлкөлөрү, Россия жана башка бардык мамлекеттер тааный турганын билдирди. Бул тууралуу ал 13-апрелде Ош облусунун Алай районунун тургундарынын суроолоруна жооп берип жатып айтты.
“Европа, Орусия бардык мамлекеттер тааныды. Эски айдоочулук күбөлүктөр менен паспортторду жаңысына толук алмаштырып чыгабыз. Мен мурда Москвада өз көзүм менен көргөм Кыргызстандын паспортун (ID-карта) 5 миң, айдоочулук күбөлүктү 3 миң доллардан сатышчу. Бардыгы жасалма болчу. Паспортту өзүбүздөн чыгаруу үчүн 2-3 жыл күрөштүк. Акыр аягы өзүбүздөн чыгара баштадык. Анын коргоочу элементтери жакшы болгондуктан жасап алууга мүмкүн эмес”, — деди президент.
Садыр Жапаров бардык паспорттор менен айдоочулук күбөлүктөр алмаштырылгандан кийин башка өлкөлөргө эскилерин жокко чыгаруу өтүнүчү менен кат жөнөтүлөрүн кошумчалады.



