Пайдалуу кеңештер

Клюква тиштердин күчтүү коргоочусу экени далилденди

Клюква тиштерди жана тиш эттерин кариес жана сезгенүүдөн коргоого жардам бериши мүмкүн. Мындай жыйынтыкты окумуштуулар ондогон изилдөөлөрдү талдап чыгып, Biomedicines журналында жарыяланган макалада билдирди.

Авторлор клюкванын жана анын курамындагы заттардын ооз көңдөйүнүн саламаттыгына тийгизген таасири боюнча 93 илимий ишти изилдешкен. Натыйжада, бул жемиштин курамындагы заттар кариес жаратуучу бактериялардын өсүшүн басаңдатып, ошондой эле тиштеги кагын (налет) түзүлүшүнө тоскоол болору аныкталган. Бул болсо тиштин бузулушунун негизги себептеринин бири болуп саналат.

Мындан тышкары, клюквадагы кошулмалар тиш эттериндеги сезгенүүнү азайтып, иммундук жоопко таасир берип, организмге инфекция менен күрөшүүгө жардам берет. Айрым изилдөөлөрдө алар пародонт ооруларында бузулуу процесстерин жайлатып, ал тургай тиштердин айланасындагы сөөк ткандарынын бузулушуна тоскоол болушу мүмкүн экени көрсөтүлгөн.

Окумуштуулар ошондой эле клюкванын антиоксиданттык касиеттерге ээ экенин белгилешет: ал тиш ткандарын зыяндан коргоп, агартуу сыяктуу процедуралардын терс таасирин азайтышы мүмкүн. Лабораториялык шарттарда бул жемиштен алынган заттар ткандардын калыбына келишин жакшыртып, козу карындар менен бактериялардын активдүүлүгүн төмөндөтөрү да аныкталган.

Ошол эле учурда, маалыматтардын көбү лабораториялык изилдөөлөрдөн алынган, ал эми клиникалык изилдөөлөр азырынча аз. Ошондуктан окумуштуулар толук дарылык таасири тууралуу айтуу али эрте экенин белгилешет. Бирок жыйынтыктар клюкваны ооз көңдөйүнө кам көрүүчү жаңы каражаттарды — мисалы, чайкоочу суюктуктарды же тиш пасталарын — иштеп чыгууда колдонуу мүмкүнчүлүгү бар экенин көрсөтөт.

Тектеш кабарлар

Back to top button