Дарыгер жайкы ысыкта кофени чектөөгө чакырды

Жайкы ысыкта кофе ичүү жүрөккө кошумча күч келтириши мүмкүн. Бул тууралуу гастроэнтеролог Виктория Степанова билдирди.
Адистин айтымында, кофе жүрөктүн кагышын тездетип, кан тамырларга таасир этет, чарчоо сезимин басаңдатып, адреналиндин бөлүнүп чыгышын күчөтөт. Салкын аба ырайында бул таасирлер анча байкалбашы мүмкүн, бирок ысыкта организм үчүн кошумча жүк жаратат.
«Ысыкта адам тер аркылуу көп суюктук жоготот. Натыйжада кан коюуланып, жүрөк аны кан тамырлар аркылуу айдоодо көбүрөөк күч жумшайт. Ал эми кофе жеңил заара кубалоочу таасирге ээ болгондуктан, организмдеги суунун дагы көбүрөөк чыгышына алып келет», — деди дарыгер.
Анын айтымында, кан коюуланганда жүрөк ритминин бузулуу коркунучу жогорулайт. Айрыкча жүрөк оорусуна жакын адамдарда бир чыны кофенин өзү эле аритмиянын кармашын козгошу мүмкүн.
Мындан тышкары, кофе ашказандагы туз кислотасынын бөлүнүп чыгышын күчөтүп, кызыл өңгөчтүн төмөнкү сфинктерин бошоңдотот. Ошондуктан ысык аба ырайы, кофе жана майлуу же таттуу тамактар зарна менен гастриттин күчөшүнө себеп болушу мүмкүн.
Дарыгер кофени күндүн биринчи жарымында ач карын ичүүдөн сактанууну сунуштады. Ал күнүнө бир порция менен чектелип, кофени тамактан кийин ичүүнү, кара кофеге муз жана сүт кошууну, ошондой эле жоголгон суюктукту суу ичүү менен толуктап турууну кеңеш берди.



