Коом

“Жыргалаң” тоо-лыжа курортунда асма аркан жол сыноодон өткөрүлдү

Бул тууралуу “Ала-Тоо Резорт” ААКтан маалымдады.

Маалыматка ылайык, анда адистер B2 асма аркан жолунун иштешин текшеришти.

“Иштер өз нугунда уланууда. Техникалык жөнгө салуу, кызматкерлерди окутуу жана ишке киргизүүгө даярдык жүрүп жатат”, — деп белгилешти ишканадан.

Белгилей кетсек, учурда “Ала-Тоо Резорт” тоо класстерин ишке ашыруу максатында өткөрүлгөн аукциондордун жыйынтыгы боюнча жер тилкесин сатып алган ишкерлер курулуш иштерин жүргүзүшүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button