Коом

Экс-чиновниктерге мамлекеттик кызматка кайтып келүү тартиби жеңилдетилди

Садыр Жапаров мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду.

Жаңы мыйзам мамлекеттик кызматка кайтып келүү тартибин жеңилдетип, кайтып келүүгө укуктуу адамдардын тизмесин кеңейтет.

Атап айтканда, жеңилдетилген тартипте кайтып келүүгө төмөнкүлөр укуктуу болот:

Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) органдарында эки жылдан ашык иштеген кызматкерлер жана кызмат адамдары;

саясий мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлеген адамдар (жергиликтүү кеңештердин депутаттарынан тышкары).

Мамлекеттик кызматка кайра орношу үчүн кызматтан бошогондон кийин алты айдын ичинде жеке арыз берүү талап кылынат.

Мыйзам расмий жарыялангандан он күн өткөн соң күчүнө кирет.

Тектеш кабарлар

Back to top button