Дүйнө

Россияда чек арадан өткөн жарандардан телефондору текшерилет

Россияда «Мамлекеттик чек ара жөнүндө» мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр күчүнө кирди. Эми чек арадан өткөн жарандардан электрондук түзмөктөрүн текшерүү үчүн көрсөтүүнү талап кылышы мүмкүн. Бул тууралуу орус ЖМКлары Федералдык коопсуздук кызматына (ФСБ) таянып кабарлады.

Өзгөртүүлөргө ылайык, эгер адам чек ара режимин бузду же тыюу салынган буюмдарды алып өтүп жатат деген шек жаралса, кызматкерлер телефонун, планшетин же ноутбугун талап кылып, ичиндеги маалымат менен таанышууга укуктуу.

Электрондук түзмөктү текшерүүгө берүүдөн баш тартуу аскер кызматкеринин мыйзамдуу талабына баш ийбөө катары эсептелет жана 7 миң рубль айып пулга же 15 суткага чейин административдик камакка алып келиши мүмкүн.

Тектеш кабарлар

Back to top button