Коом

Кыргызстанда электр энергиясынын өздүк наркы 3,03 сомду түзөт

Кыргызстанда 2026-жылы электр энергиясынын 1 киловатт-саатынын өздүк наркы 3,03 сомду түзөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин «Ишеним» депутаттык тобунун жыйынында Энергетика министрлигине караштуу отун-энергетика комплексин жөнгө салуу департаментинин директору Тимур Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, калк электр энергиясынын ар бир киловатт-сааты үчүн 1,37 сом тариф менен төлөйт.

«Бул өздүк нарктын болгону 45,6 пайызын түзөт, калган бөлүгү мамлекеттин жүгүнө түшөт. Жыл сайын электр энергиясынын тарифи 20–30 тыйынга кымбаттап жатат. Социалдык лимит 700 киловатт-саат болуп эсептелет», — деди Тимур Орозалиев.

Ал ошондой эле энергетика тармагында модернизация жана жабдууларды сатып алуу үчүн каражат жетишсиз экенин кошумчалады.

«Ошондуктан орто мөөнөттүү тариф саясатына ылайык, электр энергиясынын баасын жыл сайын жогорулатуу каралган», — деди ал.

Депутат Суюнбек Өмүрзаков электр энергиясын керектөө көбөйүп жаткандыгына байланыштуу калк үчүн социалдык лимитти жогорулатууга чакырды.

Тектеш кабарлар

Back to top button