Саясат

Кремлде Садыр Жапаров менен Владимир Путиндин жабык жолугушуусу өтөт

Президент Садыр Жапаров кыска мөөнөттүү иш сапары менен Москвага барып, Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Президенттин басма сөз катчысы Дмитрий Песков орус маалымат каражаттарына билдиргенине караганда, жолугушуу бүгүн түштөн кийин Кремлде болот.

Анын айтымында, лидерлер алгач жеке жолугушуу өткөрүп, андан соң сүйлөшүүнү жумушчу түшкү тамакта улантышат. Узакка созулган жана мазмундуу талкуу күтүлүүдө.

Кремль сүйлөшүүлөр орус-кыргыз мамилелерин мындан ары өнүктүрүү үчүн чечүүчү мааниге ээ экенин баса белгиледи.

Тектеш кабарлар

Back to top button