Коом
Бишкек шаардык соту «75чилердин катына» кол койгон 75 адамдын баарын суракка алат

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулунун адвокаты Латыпбек Нуралимов журналисттерге билдирди.
Анын айтымында, айыпталуучулар сотко өтүнүч келтирип, кайрылууга кол койгон 75 адамдын ичинен бешөө гана жоопкерчиликке тартылып жатканына нааразычылыгын билдиришкен.
«Калган 70 адам да так ошондой позицияны карманып, кол койгон. Эмне үчүн алардын аракетине укуктук баа берилген эмес? Сот өтүнүчтү негиздүү деп таап, кийинки отурумдарда катка кол койгон адамдардын баары чакырыларын айтты», — деди Нуралимов.



