Коом

Баткенде Кыргыз-Кыштак айылында өрүктүн эрте бышуучу түрү бышты

Баткен облусунун Кыргыз-Кыштак айылында өрүктүн эрте бышуучу түрү бышты. Бул тууралуу өкүлчүлүктөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, жергиликтүү багбан Толубай Жалилов бир жыл мурун 20 гектар жер аянтын өздөштүрүп, анын 7 гектарына өрүк тиккен.

Туркиядан өрүктүн жарым карлик фуего, приция, микадо түрлөрүн алып келген.

Быйыл өрүктөр мол түшүмүн берүүдө.

Өкүлчүлүктөн белгилешкендей, багбан түшүмүн Казакстан жана Россияга экспорттоодо.

Тектеш кабарлар

Back to top button