Саясат

Жээнбеков премьер Жапаров менен отставка маселесин талкуулап жатат

Сооронбай Жээнбеков менен өкмөт башчы Садыр Жапаров президенттин отставкасы боюнча маселени талкуулап жатат. Кабарды өлкө башчынын маалымат катчысы Толгонай Стамалиева тастыктады.

«Ооба, сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Премьер-министр Жапаров президент Жээнбеков бүгүн отставкага кетиши керектигин айткан. Сүйлөшүүлөр уланууда», — деди Стамалиева.

Эске салсак, премьер-министр бир нече саат мурун маалымат жыйын учурунда президенттин өз арызы менен кызматтан кетүү же кетпөө маселеси бүгүн чечилерин айткан.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button