Орунбеков Кыргызстанда күйүүчү майдын кымбатташына түшүндүрмө берди

Президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков Кыргызстанда күйүүчү майдын кымбатташы Израиль менен Ирандын ортосундагы согуш жана дүйнөлүк рынокто мунай менен газдын кескин кымбатташы менен байланыштуу экенин билдирди.
Анын айтымында, согуш аракеттери башталганга чейин Орусиядан импорттолгон Аи-92 бензининин бир тоннасы болжол менен 650 доллар болсо, азыр анын баасы 950 долларга чейин жетти.
Дизелдик күйүүчү май да кымбаттап, бир тоннасынын баасы 700 доллардан 1,2 миң доллардан ашканын белгиледи.
Дайырбек Орунбеков жарандардын Казакстанда күйүүчү май эмне үчүн арзан деген суроосуна да жооп берди. Анын айтымында, бул өлкөдө ири мунай кендери бар жана күйүүчү майдын баасы мамлекет тарабынан субсидияланат.
Мисал катары ал электр энергиясын келтирди. Анын маалыматына ылайык, Кыргызстанда электр энергиясынын өздүк наркы 3,07 сомду түзөт, бирок калкка 1,64 сомдон сатылып, айырмасы мамлекет тарабынан жабылат.
Ошондой эле ал бийлик өлкөдөгү мунайды кайра иштетүүнү өнүктүрүү багытында иш алып барып жатканын айтты. Тактап айтканда, Кыргызнефтегаз жана Джунда заводдору модернизацияланып жатат. Аткаминердин айтымында, жаңылоо иштеринен кийин мунай иштетүүчү заводдор евростандарттагы күйүүчү май чыгара баштайт.



