Коом

Бишкектин бир бөлүгүндө бир нече күнгө газ өчүрүлөт

«Бишкекгаз газ кызматы» газ скважиналарында жапкычтарды оңдоо иштерине байланыштуу 15-майдан 22-майга чейин төмөнкү көчөлөр менен чектешкен аймактарда жаратылыш газын берүү убактылуу токтотуларын маалымдайт:

Ала-Арча дарыясы, Жибек Жолу проспектиси, Сүйүмбаев көчөсү, Аламүдүн дарыясы, Жумабек көчөсү, БЧК, Абдрахманов көчөсү, Тоголок Молдо көчөсү, Ганди көчөсү.

«Бишкекгаз газ кызматы» келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана жаратылыш газын өчүрүү учурунда кардарларды альтернативдүү энергия булактарына өтүүнү суранат. Бул иш газды ишенимдүү жана коопсуз камсыздоо максатында жүргүзүлүүдө.

Тектеш кабарлар

Back to top button