
Россиянын Самара облусунда жол кырсыгы болуп, 6 адам каза болду.
Алдын ала маалыматтар боюнча алар Кыргызстан менен Өзбекстандын жарандары.
Кырсык Бишкек убактысы боюнча бүгүн түнкү саат 03:30 чамасында болгон. Анда Honda Stepwgn жана Hyundai Elantra унаалары кагышып, жеңил унаадагы 5 адам, минивендеги бир жүргүнчү жеринде мерт кеткен. Ошондой эле минивендин айдоочу менен 7 жургүнчүсү жаракат алган.
РФ ИИМинин маалыматы боюнча, жеңил унаанын айдоочусу кыргызстандык болгон. Сүрөттөн минивендин номери дагы Кыргызстандыкы экенин көрүүгө болот.



