Коом
Бишкектен 360 кыргызстандык ажылыкка жөнөп кетти

Бүгүн Бишкектеги «Манас» эл аралык аэропортунан Сауд Арабиясынын Жидда шаарына Кыргызстандан 360 ажы сапарга аттанды. Бул тууралуу Кыргызстандын мусулмандарынын дин башкармалыгы билдирди.
Бул — 2026-жылдагы Бишкек — Жидда багыты боюнча алгачкы каттам. Буга чейин, 10-майда ажылардын биринчи тобу Ош — Медина багыты аркылуу Ош шаарынан сапарга чыккан.
Быйыл жалпы 6 миң 60 кыргызстандык ыйык жерлерге зыярат кылат.
Ажыларды узатууга Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Талантбек Ташибеков, муфтий Абдулазиз Закиров жана муфтияттын кызматкерлери катышты. Алар ажыларга ак жол каалап, ажылыктары кабыл болушун тилеп, дуба кылышты.



