Коом

Бишкекте Кыргызстан менен Татарстан кызматташуусу талкууланды

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов Бишкекте Татарстан Республикасынын премьер-министринин орун басары Василь Шайхразиев менен жолугушту.

Тараптар кыргыз-татарстан кызматташтыгын соода-экономика, инвестиция, маданий-гуманитардык, билим берүү жана спорт тармактарында мындан ары тереңдетүү маселелерин талкуулашты.

Улан Маматканов Кыргыз Республикасы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө маани берерин белгиледи.

Анын айтымында, 2025–2027-жылдарга карата соода-экономикалык, илимий-техникалык жана социалдык-гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык макулдашууну ишке ашырууга арналган биргелешкен иш-чаралар планы тараптардын кызматташуусунда маанилүү жол картасы болуп саналат.

Тараптар маданий-гуманитардык кызматташтыкка, билим берүү тармагындагы алмашууларга, ошондой эле жаштар саясаты жана спорт багытындагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Мындан тышкары, Кыргызстанда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына даярдык маселеси да талкууланды. Буга чейин Татарстан Республикасынын спорттук делегациясы эл аралык иш-чарага активдүү катышууга чакырылган.

Тектеш кабарлар

Back to top button