Жогорку Кенеште крематорийлердин ишин 2040-жылга чейин токтотуу сунушталды

Жогорку Кенеш «Сөөк коюу жана көмүү иши жөнүндө» мыйзамдын крематорийлердин ишин жөнгө салган 24-беренесинин күчүн убактылуу токтотуу тууралуу мыйзам долбоорун карады. Аталган норманын аракетин 2040-жылдын 1-январына чейин токтотуу сунушталды. Демилгечи катары министрлер кабинети чыккан.
Негиздеме-маалымкатта айтылгандай, мындай чечим Кыргызстанда крематорийлердин иштеши үчүн зарыл болгон инфраструктуранын жоктугу менен түшүндүрүлөт.
Ошондой эле каржылоо маселелерин, экологиялык жана санитардык-эпидемиологиялык талаптарды, мындан тышкары мындай объектилерди жайгаштыруу тартибин кошумча иштеп чыгуу зарыл экени белгиленген.
Документтин авторлору өлкөдө кремация практикасын киргизүүгө байланыштуу уюштуруучулук жана социалдык-маданий жагдайларды дагы кошумча талдоо керек деп эсептешет.



