Окуялар

Жалал-Абадда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү бейтаныш адамга бычак сайып, унаасын айдай качкан

Жалал-Абад шаарында уюшкан кылмыштуу топтун (УКТ) мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 8-январда Жалал-Абад шаардык милициясына облустук ооруканадан телефон чалуу түшкөн. Анда Жалал-Абад шаарынын тургуну бутунан жаракат алып ооруканага түшкөнү кабарланган.

Такталгандай, ошол эле күнү саат 14:45 чамасында Жалал-Абад шаарынын 47 жаштагы тургунуна бейтааныш жаран өз ара пикир келишпестиктен улам бутуна бычак сайып, “Тойота Авенсис” үлгүсүндөгү унаасын айдап качып кеткен.

Аталган факты боюнча топтолгон материалдар Жалал-Абад ШИИБдин КБРне КР Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренесинин негизинде катталып, кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында окуяга шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү (УКТ), Таш-Көмүр шаарынын тургуну 39 жаштагы О.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button