Коом

Кыргызстанда биринчи жолу кулактын протези жасалды

Кыргызстандагы медициналык борборлордун биринде алгачкы жолу жасалма кулак даярдалып, ал аял менен өспүрүм балага тагылды. Бул тууралуу аталган борбор караган Кыргыз мамлекеттик медициналык академиянын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта протез кулак Орто Азияда биринчи жолу жасалгандыктан, уникалдуу операциялардын катарына киргизүүгө болору айтылган.

Микрохирург, отоларинголог Шухрат Буваевдин айтымында, протездин көрүнүшү кадимки кулактан өтө айырмаланбайт.

«Протез үн толкундарын тийиштүү угуу өтмөктөрүнө жеткирет. Натыйжада адамдын угуусу жакшыра түшөт. Эң жогорку сапаттагы медициналык силикондон жасалган протез сыртынан караганда кадимки кулактан айырмаланбайт», — деген дарыгер.


Анапластолог Нурлан Осмоналиевдин жасалма кулакты 3D-сканердин жардамы менен даярдай турганы айтылды. Протез ар бир адамга, анын  параметрине жараша жасалат.


Тектеш кабарлар

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

Back to top button