“Шумкар” атайын багыттагы полкунун кызматкерлери адам өмүрүн сактап калууга чакырган акцияга катышты

Бүгүн, 2021-жылдын 14-июнь күнү Республикалык кан куюу борбору, Кызыл Жарым Ай коому жана коомдук ишмер Ассоль Молдокматова кайтарымсыз кан тапшыруу акциясын уюштурушту. Адам өмүрүн сактап калууга чакырган бул акцияга кайдигер мамиле кылбай, өз демилгелери менен ИИМдин “Шумкар” атайын багыттын полкунун туруктуу донорлору жана алгач ирет кан тапшырган кызматкерлери барышып кайтарымсыз кан тапшырышты.
Кан тапшыруу акциясы жыл сайын 14-июнь-Бүткүл дүйнөлүк кан донорлорунун күнүнө карата өтүп турат. Иш-чаранын максаты — коомчулуктун көңүлүн кан тапшырууга буруу. Дарыгерлердин айтуусунда, бир адам кан берген учурда эки адамдын өмүрү сакталып калат. Бүткүл дүйнөлүк кан донорлорунун күнү бардык өлкөдө 2005-жылдан тарта белгиленип келет. Мындай иш – чаранын жыл сайын өткөрүлүшү адам өмүрүнө коркунуч жараткан учурда өмүрдү узартып, сактап калууга жардам берүү менен алардын жашоого болгон үмүт шамын жандырат.
ИИМдин “Шумкар” атайын багыттагы полкунун Басма сөз кызматы




