Коом
УКМК жана ИИМ уюшкан кылмыштуулукка каршы комплекстүү иш-чараларды улантууда

Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан билдирди.
Маалыматта айтылгандай, УКМК жана КР ИИМ биргеликте, Кыргыз Республикасында уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө каршы күрөшүү боюнча тынымсыз иш-чараларды жүргүзүп келет.

Алсак, биргелешкен пландын алкагында Ысык-Көл, Жалал-Абад жана Ош облустарында уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар адамдарга карата профилактикалык иш-чаралар жүргүзүлдү. Аталган адамдар кылмыштуу жана уурулук идеологиядан баш тартып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо зарылдыгы тууралуу билдирген видеоматериалдар документтештирилди.



КР УКМК уюшкан кылмыштуу топтордун ишмердүүлүгүнө катышуу, ошондой эле аларды каржылоо үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралганын эскертет.





