БШК үгүт шарттарын бузган дагы 2 талапкерге айып салды

Үгүт шарттарын бузган эки талапкерге айып пул салынды, деп билдирди Борбордук шайлоо комиссиясы. БШКга Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнөн №3 округдан талапкер Аматов Жаныбек Жеңишбековичтин үгүт шарттарын бузгандыгы тууралуу материалдар келип түшкөн.

Тактап айтканда Instagram социалдык тармагында amatovzhanybek аттуу колдонуучунун баракчасында үгүт видео материалы жарыяланган, анда талапкер мечиттин аймагында шайлоочулар менен жолуккан. Шайлоо мыйзамдарына ылайык, мечиттердин жанында үгүт иш-чараларын өткөрүүгө, үгүт материалдарын таратууга жол берилбейт. Жумушчу топ талапкер Ж.Аматовго карата 200 эсептик көрсөткүч (20 миң сом) өлчөмүндөгү административдик айып пул салууну сунуштаган. Андан тышкары Instagram социалдык тармагындагы bakyt_tentishev аттуу колдонуучунун баракчасында жарыяланган фото жана видеоматериалдар каралды. №25 округдан талапкер Тентишев Бакыт Эркинович үчүн жайылтылып жаткан маалымат үгүт шарттарын бузуп жатканы аныкталган. Тактап айтканда, талапкердин кесиптик ишине же кызматтыкмилдеттерин аткаруусуна байланыштуу маалымат таратылып, мыйзамдагы талаптар бузулган.

Жумушчу топ Б.Тентишевге карата 75 эсептик көрсөткүч (7500 сом) өлчөмүндөгү административдик айып пул салууну сунуштаган. БШК жумушчу топтун сунуштарынын негизинде, шайлоо мыйзамдарын жетекчиликке алып, матов Жаныбек Жеңишбековичке 200 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө, Тентишев Бакыт Эркиновичке 75 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул салынды.



